Депутат: «Мугалимдерди көчө шыпыртпай эле коёлучу»

Бүгүн, 15-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо мугалимдерди ишембиликке чыгарып, көчө шыпыртпоого чакырды.

«Мугалимдерди көчө шыпыртып, таштанды төккөн полигонго чейин чыгарып алып иштетпей эле коёлучу. Мугалим кечинде баласын карайт, күндүз менин, сенин, барыбыздын балабызга билим берет. Бирок ошолор көчөгө чыгып алып, бирөөнүн эшигип тазалап, бактарды актап жүрүшөт. Ар бир райондо мугалимдерди чыгарып алып көчө тазалатабыз. Бул өтө уят. Алар балдарга билим бериш керек. Ушул нерсеге тыюу салынсын, алар кул эмес да. Мугалимге мугалимдей статус берели», — деди депутат.