Бүгүн, 3-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева мугалимдердин статусу жөнүндө кеп кылды.
Анын айтымында, Лебединовка айылындагы №1 гимназияда мугалим менен окуучунун чырлуу окуясы тараган соң, жалгыз бой 53 жаштагы мугалим инфаркт болгон. Мындай учурларда Билим берүү министрлиги ишке кийлигишиши керек экенин айтты.
«Министрлик эмне иш менен алектенип атат? Мугалимдин жоопкерчилиги бар, ата-эненин жоопкерчилиги каралбай жатат. Министрлик ата-эненин жоопкерчилигин караш керек да. Мугалимди биз бүгүнкү күнү кор кылып, инфарктка чейин жеткирген учурлар болуп жатат. Ар бир мугалимдин укугу корголушу керек», — деди ал.
Мугалим Агай эжейдей токмок жеп эле чонойуп Аллага шугур ошолордун Берген сабагынан улам жегени тамагым кийерге кийимим. Алган билимиме жараша жумушум бар. Алар урушуп сабак бербесе Буга окшогон кок мээлерге жетбейтда Бир эки айткан соз. Мугалим Агай эжейде айып жок эч качан болбош керек.
Мугалимдин укугу качан корголот? Бала уйундо буту сынса да мугалим куроолуу, себеби коопсуздук эрежелерин мугалим откон эмес. Ата эне четте калып кала берет.
Мен да колдойм, мугалимге бүт жоопкерчиликти жүктөп коюшкан, ата энелер мектепке жиберип коюп, мугалим жооп берет деп, балдарына кайдыгер. Балдардын келечеги кимдин колунда? Азыркы учурда балдарды тарбиялоо өтө кыйын, жоопкерчилиги жок, телефонго байланган, жашоосу телефон, эгоист ата эне, тууган Мекен, патриоттук сезим дегенден эч нерсе жок. Мугалимди ким ойлойт? Мугалим мамлекет, ата эне, жолдош, коом. Мугалим жок элестетип көргүлө дүйнөнү. Мугалим бут ааламга тарбия берип, президент, айыл өкмөт, бизнесмен деги койчу бүт кесиптеги адамдарга билим берип келет . Азыркы күндө ата энени да тарбиялоого туура келип жатат, айрыкча азыркы мамалар балдарына тарбия бере алышпай, закон менен сүйлөгөндөр, балдары не имеете права деген сөздөн башка билбеген, укуктарын өтө билген, милдеттерин билбеген келечекте бул балдар мамлекетке кандай салым кошот деген ойлор туулат. Мамлекет кандай болот, бул муундар кандайча элине кызмат кылат?