Депутат: «Мугалимдерди кор кылып, инфарктка чейин жеткирген учурлар болуп жатат»

Бүгүн, 3-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева мугалимдердин статусу жөнүндө кеп кылды.

Анын айтымында, Лебединовка айылындагы №1 гимназияда мугалим менен окуучунун чырлуу окуясы тараган соң, жалгыз бой 53 жаштагы мугалим инфаркт болгон. Мындай учурларда Билим берүү министрлиги ишке кийлигишиши керек экенин айтты.

«Министрлик эмне иш менен алектенип атат? Мугалимдин жоопкерчилиги бар, ата-эненин жоопкерчилиги каралбай жатат. Министрлик ата-эненин жоопкерчилигин караш керек да. Мугалимди биз бүгүнкү күнү кор кылып, инфарктка чейин жеткирген учурлар болуп жатат. Ар бир мугалимдин укугу корголушу керек», — деди ал.