Депутат: «Мугалимдердин сааты азайтылып, чектөө коюлуп жатыптыр»

Айлыктарды азыр 80 пайызга чейин көтөрүп койдук. Бирок айрым жерлерде азайтылып жатыптыр. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.

«Мурдагы 18 миң алган, азыр 35 миң сомго чейин алып жатат. Бирок акыркы учурда айрым жерлерде сааттар азайтылып, чектөө коюлуп жатат. Ставка түшүрүлүп, класс жетекчилик 1 класс менен чектелип жатыптыр. КТУ деп коюшат, бул алыныптыр. Дептер текшерүү боюнча да алынып жатыптыр. Мен ойлойм, туура эмес. Жетекчилердин бул тууралуу маалыматы жок го деп ойлойм. Карап койгула», — деди ал.