Депутат: «Мугалимди ыйлаткан энени сот жообуна тартыш керек»

«Мугалимдер үчүн аябай кейиштүү окуя болду». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

«№57 мектепте бир эже мугалимди шылдыңдап, ыйлатып, ал мугалим жумуштан кетти. Ыйлаткан, лакылдаган ажаан аялга болгону 1 миң сом айып салып коюптур. Эмне үчүн аны коомчулукка алып чыккан жоксуңар? Бул өлкөдөгү 120 миң мугалимге болгон шылдың мамиле. Эмнеге 1 миң сом менен кутулттуңар? Аны жазага тартыш керек эле да. Мугалимдин айлыгын эле көтөрүп койбостон, аброюн да көтөрүшүбүз керек. Мугалим менен сүйлөштүм, «Болду мектепте иштебейм» деди. Мугалимди шылдыңдаган эжени коомчулуктун алдында кечирим суратып, башка берене менен сот жообуна тартыш керек», — деди депутат.