Депутат: «Мурда жол тыгыны эртең менен, түштө эле болсо, азыр бир күн кечке болуп жатат»

«Мурда эртең менен, түштө эле жол тыгыны болсо, азыр бир күн кечке болуп жатат» деген депутат Исхак Масалиев бүгүн парламентте Бишкектеги жол тыгыны боюнча маселени көтөрдү.

«Күч менен эч нерсе кыла албайсыңар. Бул көйгөй! Катастрофа болуп жатат! Троллейбусту жоготтуңар, жеңилдеп кеттиби? Жок. Айып пулду көбөйтөбүз, Бишкекке четтен келген унааларды киргизбейбиз деген сөздү токтоткула. Баткен же Ысык-Көлдөн келсе, Бишкекке ал унааны киргизбей коюу — бул маселени чечүү эмес», —  деди ал.