Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдө бүтүп калган 87 мыйзамсыз курулуш бар экени, анын 36сы Бишкекте салынганын Мамлекеттик архитектура агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу билдирди.
Депутат Гүлшаркан Култаева мыйзамсыз салынган үйлөрдө адамдар жашай турганын айтып, алардын тагдырына кызыкты.
«Соттон бүтүп калган 7-12 кабаттуу үйлөр түрттүрүлсүн деген чечимдер чыгып жатат. Ошолордун тагдыры эмне болот? Акчадан жок, же үйдөн жок эл эмне кылат? Ошто мыйзамсыз салынган 12 кабат үй боюнча көп суроолор жаралууда. Андан тышкары ал жерде 7 кабат да үй салынган экен», — деди депутат.
«Өлкөдө бүтүп калган 87 мыйзамсыз курулуш бар. Анын ичинен 36 курулушу Бишкек шаарында. 21инде жарандар жашайт. Жоопкерчилик бир гана мамлекеттик кызматкерлерде эмес да. Курулуш компания менен жеке ишкерлер өзүм билемдик кылып, аягы ушуга келип жатат. Сот иштер жүрүп жатат», — деди директордун орун басары.
Депутат мунапыс жарыялап же мыйзамдаштырып берүүнү суранды.