Депутат мүшөккө салынып, көчөдө үйүлүп жаткан алманын видеосу менен бөлүштү

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев соцтармактагы баракчасында видео жарыялады.

Видеодон мүшөккө салынып, көчөдө жаткан алмаларды көрүүгө болот. «Ноокаттабыз. Алманы көрүп токтодум. Шире чыгарган ишканалар зарыл го», — деп жазды ал.