Депутат Нилуфар Алимжанова: «Бишкек жана Ошто курулуп жаткан үйлөрдүн сапатына ишенбейм»

Түркиядагы жер титирөөдөн улам соңку жылдары Бишкек жана Ошто курулуп жаткан үйлөрдүн сапаты суроо жаратты. «Сизде алардын сапаты ишеним жаратабы? Кандай үйдө жашайсыз? Үйдү сатып алууда жер титирөөгө туруштук бере аларына көңүл бурдуңуз беле?» деген суроо менен депутаттарга кайрылдык.

Депутат Нилуфар Алимжанованын айтымында, ал курулуштардын сапатына ишенбейт. «Имараттарыбыз тез курулат. Комиссия түзүлдү, ошонун жыйынтыгы менен көрөбүз. Азырынча үй сатып ала элекмин, сатып алганга карап жүрөм. Албетте, жер титирөөгө туруштук береби карайм», — деди ал.