Депутат Нилуфар Алимжанова уулдуу болду

Кечээ, 27-май күнү депутат Нилуфар Алимжанова Бишкектеги төрөтканалардын биринде көз жарып, уул төрөдү. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги депутат айымга байланышып, кубанычына ортоктош болду.

«Эки кызым бар, үчүнчүсү уул болду. Кудайга шүгүр. Төрөт жакшы өттү, врачтарга рахмат! Балам да жакшы. Уулума азырынча ысым ыйгара элекпиз», — деди ал.

Буга чейин депутат айым SuperTV телеканалына берген маегинде «Балдарым менин жашоомдун маңызы. Жолдошум бардык жактан колдоп турат» деген.