Депутат Рустамбек уулу Советбек Ноокатта педагогикалык, медициналык колледждерди, лицейлерди ачууну сунуштады. Бул тууралуу ал кечээ, 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Рустамбек уулу Советбектин айтымында Ноокатта мектепти бүтүп билим алгысы келген жаштар көп, бирок Ошко, Бишкекке барып окууга шарты жок болгондуктан, жаштар Орусияга мигрант болуп кетип жатышат. Эл өкүлү Ноокат республикадагы чоң, калктуу райондордун бири экенин айтып, районго педагогикалык, медициналык колледждерди, кесиптик лицейлер ачууну сунуштады. Ал үчүн мамлекеттен жер бөлүнүшү керектигин да кошумчалап өттү.
«Жаштар мектепти бүтүп эле Орусияга мигрант болуп кетип жатышат. Ошол боюнча узак убакытка келбей жатышат», — деди Рустамбек уулу Советбек.