Депутат Ноокенде майыптыгы бар зордукталган кыздын иши боюнча сот чечими чыкпай жатканын айтты

Жогорку Кеңештин 26-сентябрындагы жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова зордукталган майыптыгы бар кыздын маселесин көтөрдү. Маалыматка караганда, кыз сүйлөбөйт, ал эми иш райондук соттун деңгээлинен көтөрүлбөй жатат.

«Ноокен райондук сотунда 1 жылдан бери 5 баланын зордуктоосуна туш болгон кыздын соту бүгүнкү күнгө чейин райондук соттон чыкпай жатат. 5 баланын жакындары, жактоочулары барбай коюп эле сот аягына чыкпай жатат. Кыз кордолгону аз келгенсип, сот чечим чыгарбаганы да кордук болду. Ал өзү инвалид кыз. 18ге чыгыптыр. Өзү дудук. Апасына сөз бербестен сотто оор кырдаал болуп жатыптыр. Психологиялык басым болуп жатыптыр»,- деди ал.