Депутат өкмөттө иштеген адамдын кийимин сындаган. Ал кайра кийинип келди

«Өкмөт мүчөсү Асан мырза, сиз эмне тойго келдиңизби?» — деген депутат Жеңишбек Токторбаев “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгүнүн эксперти Асан Гайыповго кайрылып.

Гайыпов депутаттын суроосуна түшүнбөй калганын айтты. «Түшүнбөдүм», — деди ал.

«Жемперчен келиптирсиз, тойго келдиңизби? Костюмуңуз жокпу?» — деди ал.

«Костюм бар, чечип койдум», — деди Гайыпов. 

«Сиз келген конокторго үлгү болушуңуз керек да. Жакшынакай болуп… Костюм-шым кийип келбейсизби?! Анда биз деле эртең жемпер кийип келели», — деген депутат.

Жыйындын жүрүшүндө анын костюм кийип келгенин көрүүгө болот.