Депутат өкмөттү азык-түлүктүн кымбаттап жатканына көңүл бурууга чакырды

Депутат Тазабек Икрамов күйүүчү майдын, азык-түлүктүн бааларынын көтөрүлүшү боюнча маселе көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Күндөн-күнгө күйүүчү майдын баасы кымбаттап жатат. Дүйнө жүзүндө нефти арзандап жатат. Жазгы талаа иштери башталды. Биз дыйкандарга кандай жардам беребиз? Өкмөттө эч кандай кыймыл да жок. Кымбат 11 мамлекеттин катарына кирдик. Бул маселени качан чечесиздер?

Мындан тышкары азык-түлүк кымбаттап, эл коңгуроо кагып жатат. Өкмөт эмне кылып жатасыздар? Маселе качан чечилет?», — деди ал.