Депутат: «Окуучу кыздар кыска кийип, педофилдерди провокация кылып жатышат»

Кээ бир окуучу кыздар өтө эле кыска кийип турушат. Бул тууралуу депутат Акбөкөн Таштанбеков Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

«Менимче, кыздар провокация кылып жатышат. Аны жөнөкөй адам өтүп баратса, байкабайт. Бирок жанагы педофилдер ошону байкап, артынан түшүп жатпайбы. Коом ушул менен күрөшүш керек. Жок дегенде 1 айда бир жолу милиция ата-энелерге барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсө»,- деди депутат.