Депутат окуучулардын жазгы каникулу өзгөрүп кеткенине нааразы болду

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо окуучулардын жазгы каникулу өзгөрүп кеткенине нааразы болду.

Быйыл мектеп окуучулары жазгы каникулга 17-марттан 23-мартка чейин тарашат.

«Мурда бул каникул 21-марттан 1-апрелге чейин болчу. Ата-энелердин көбү аны мурдагыдай калтырууну суранышууда», — деди ал.