Депутат Илимбек Кубанычбеков мугалимдердин укуктарын коргоо боюнча маселе көтөрдү. Эл өкүлү акыркы жылдары окутуучуларга карата сыйлабастык, кысым көрсөтүү жана зомбулук фактылары күч алганын белгилеп: «Мугалимди урматтабай туруп окуучуларга толук кандуу билим берүүсүн жана шыктандыруусун талап кылуу мүмкүн эмес», — деди.
Буга мугалимдик кесип жогорку коомдук макамга жана сый-урматка ээ болгон Түштүк Корея, Япония жана Финляндия сыяктуу мамлекеттерди мисал кылган депутат Илимбек Кубанычбеков өлкө боюнча 947ге жакын предметтик мугалим жетишпей турганын, бул билим берүү тармагындагы көйгөйдү дагы да оорлотуп жатканын кошумчалады. Эл өкүлү ошондой эле окутуучуларга карата ар бир укук бузуу фактысы көңүл сыртында калбастан, кылдат каралышы керектигин айтып, учурдагы абал билим берүү тармагындагы олуттуу каатчылыктан кабар берерин билдирди. Муну менен катар Агартуу министрлигин тармакты туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн мугалимдерди коргоонун так жана натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгууга чакырып, өзү да бир катар сунуштарын берди.
Атап айтсак, депутат Илимбек Кубанычбеков мугалимдерге мыйзамдык деңгээлде өзгөчө макам берүү, педагогдорго сыйлабастык жана зомбулук көрсөткөндөргө карата жоопкерчиликти күчөтүү, мугалимдерди жеткиликтүү ипотекалык турак жай менен камсыз кылуу, окуучулары мектеп олимпиадаларында жогорку ийгиликтерге жетишкен педагогдор үчүн сыйлыктарды тапшыруу системасын киргизүү сыяктуу сунуштарын берди.