Депутат: «Өлкөдө даараткана куруу менен туризм өнүкпөйт»

Депутат Шайлообек Атазов бүгүн, 4-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында жалгыз даараткана куруу менен туризм өнүкпөй турганын айтты.

Ал Ысык-Көлдө беш жана жети жылдыздуу мейманканаларды курууну каалаган ишкерлер бар экенин айтты. «Биз аларды чакырып, салыктан бошотуубуз керек», — деди ал.

Депутат Кыргызстан туризм жана айыл чарбасы аркылуу гана өнүгө алмак деп эсептейт.