Депутат: «Өлкөдө жарык өчүп эле жатат. Жок дегенде график берип койгула да»

«Өлкөдө жарык өчүрүлүп жатат. Мен өлкөдө электр энергиясы кризис болуп жатканын түшүнүп жатам». Бул тууралуу Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешев билдирди.

«Ошол эле кезде жарандарга график түзүп, айтып койбойсуңарбы? Мынчада жарык өчөт деп. Ошого даярданышат да. Сураныч график түзүп, жарандарга айтып койсоңор. Жарык жоктугунан да түтүн болуп жатат», — деди ал.