Депутат: «Ооруканада дарылануу суммасы 14,5 миң сомго көтөрүлүптүр, бул элге оор»

Депутат Максатбек Сарбагышев бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо тармагындагы маселени көтөрдү.

“Ооруканага жатып дарылануу суммасы 14 миң 500 сомго көтөрүлүптүр, карапайым элге бул сумма оор. Азыр айылдан келген карапайым адам 14 миң 500 сомго ооруканага жата албайт. Медициналык камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөгөндүктөн, элдин түшүнүгү жок. Ооруканаларда дээрлик шарт жок, дары-дармекти элдин өзүнө саттырып алып жатасыңар”, — деди эл өкүлү.

Депутат камсыздандыруу боюнча жеткиликтүү түшүндүрүү иштери жүрбөгөнүн айтып, нааразы болду.