Депутат: «Орусиядагы эки мигрантыбыз аскерге чакыруу кагазын алды»

Орусияда жарыяланган мобилизациядан улам кыргызстандык мигранттар дүрбөлөңгө түшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын жарандарына аскер комиссариатына чакыруулар келе баштады. «Эки факты катталды», — деди депутат.

Ал Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара Клара-Саматтан маалымат берип, мигранттар арасындагы абалды тактоо иштерин жүргүзүүнү суранды. «Алар калып иштейби же кетеби билбей жатышат. Ал жерде үч эле юрист иштейт экен. Алардын санын көбөйтүү керек», — деди Козуев.