Депутат: «Орусияга барган мигранттарды 10 күнгө чейин кармап, артка кайтарып жатыптыр»

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Марипов мигранттардын маселесин көтөрүп, Орусияга баргандарды 10 күнгө чейин кармап, артка кайтарып жатышканын айтты.

«Биз кечээ Москва шаарына барып келдик. Ошол жактагы мигранттардан көп кайрылуулар келди. Кыргызстандан Москвага учуп барган мигранттардын паспортторун алып, телефондорун текшерип, 5 күн, 1 жума, 10 күнгө чейин кармап туруп, белгисиз себептер менен кайтарып жатыптыр. Тиешелүү жактарга тапшырма берели», — деди депутат.