Депутат: «Ош менен Бишкектеги көп кабаттуу үйлөр жер титирөөдө туруштук бере алабы?»

Депутат Медер Алиев Ош менен Бишкекте жаандан кийинки козу карындай болуп көп кабаттуу үйлөр курулганын айтты.

«Уруксат берилген да, берилбеген жерге да курулду. Алардын сапаты кандай? Коопсуздук талаптарына жооп береби? Жер титирөө болуп кетсе, канча баллга чейин туруштук бере алат? Ошонун баарын изилдөө үчүн өкмөттөн эле эмес, бейрасмий адистерден комиссияны чукул түзүп, корутунду чыгарып берсин», — деди ал.