Депутат: «Оштогу “Ынтымак” телеканалын жабууну көздөп жатышат»

Бүгүн, 4-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Оштогу «Ынтымак» телеканалы жабылганы жатканын айтты.

«Ош окуясынан кийин кыргыз-өзбек достугун бекемдөө үчүн «Ынтымак» деген канал ачылган. Бүгүн ошол жерде жабуу иштери болуп жатыптыр. 2 айдан бери жетекчиси, иштегендердин айлыгы жок болуп жатыптыр», — деди ал.