Депутат райондордо ооруган жарандар айла жок Бишкекке келип жатканын айтты

«Кыргызстан боюнча 40 район бар. Алыскы райондорго барып, кыдырып, райондордун көйгөйүн көрбөйсүңөрбү?». Мындай суроону депутат Руслан Жакышов Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басарына берди.

«Биздин райондо ооруган жарандар Бишкекке келип, бейтапканалардын баарында кезек. Бишкекте кымбат. Аргасыздар менчик клиникаларга барып жатат», — деди депутат.

«Мен баарын көрүп келдим. Баткенден баштап, Таласка чейин бардым. Кызматкерлер менен жолуктум. Ишти алып барып жатабыз», — деди министрдин орун басары.