Депутат Русланбек Жакышов Таластагы мектептин ачылышына катышты (сүрөт)

Жогорку Кеңештин депутаты Русланбек Жакышов Талас облусунун Бакай-Ата районуна иш сапары менен барып, Тойчубек уулу Жанадил атындагы мектептин жаңы окуу имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

Алсак, аталган мектептин курулушу бир топ жыл мурун башталып, аягына чыкпай келген. Эл өкүлү Русланбек Жакышов курулушту бүткөрүү маселесин парламент жыйынында байма-бай көтөрүп, былтыр курулуш иши кайра жанданган. Жыйынтыгында жаңы мектеп имараты ишке берилип, ачылышы өттү. Аземде жергиликтүү элди жаңы мектеби менен куттуктаган депутат: “Келечек билимдүү жаштардын колунда. Андыктан, балдарга татыктуу таалим-тарбия берүү үчүн ушундай билим уяларын убагында бүткөрүү аракети көрүлүп, керектүү жерлерде жаңы имараттар салынууда”, — деди.