Депутат убакытты 1 саатка артка жылдыруу демилгесин колдоо керектигин айтты

Депутат Миргүл Темирбаева Баткендин эки тургунунун убакытты 1 саатка артка жылдыруу демилгесин колдоону өтүнөт. Ал Жогорку Кеңештин бүгүн, 30-ноябрдагы жыйынында бул электр энергиясын үнөмдөөгө алып келерин жана жарандардын ден соолугуна жакшы таасирин тийгизерин белгиледи.

Тагыраагы балдарды таң эрте мектепке жана бала бакчага алып барууда бир катар түйшүктөрдөн арылса болорун айтты. «Бала бакчага барган балдарга, окуучуларга абдан кыйын болуп жатат. Алыскы айылдарда таңкы саат 5-6ларда туруп мектепке барган балдарды жолдо иттер талап, чөө-бөрүлөр кол салган учурларды да угуп жүрөбүз. Эрте турган балдардын саламаттыгына да терс таасирин тийгизет», — дейт депутат. 

Эл өкүлүнүн айтымында, сааттын жебелери 1924-жылдан бери 6 жолу жылган. «Учурда Кыргызстан UTC+6 географиялык убакыт алкагында турат. «Баткен таңы» гезитинин башкы редактору Адылбек Акматов жана тиш дарыгери Нурали Койлубаев UTC+5ке өтүүнү сунушташкан. Кыргызстан коңшу Өзбекстан менен Тажикстандан бир саат алдыда», — деди ал.

Ал Министрлер кабинетинен сунушту карап чыгып, жооп берүүнү суранды.

Бул пикирди депутат Сүйүнбек Өмүрзаков да колдоп, Нурали Койлубаевдин тиешелүү каты Жогорку Кеңештин төрагасына да келгенин маалымдады. Ал кошумчалагандай, бул чечимдин кабыл алынышы кыш мезгилинде жашоо-шартын жеңилдетет.