Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков комитет жыйында мамлекеттик ипотека боюнча компаниянын жетекчисинин орун басары Нурлан Худайкуловго бир нече суроо салды.
Депутаттын айтымында, Бишкекте ипотекалык үйлөрдүн 1 чарчы метринин баасы 650 доллар болуп жатса, аймактарда 700-750 доллар болуп жатат. «Бул ички миграциянын көбөйүшүнө алып келбейби?»,- деди ал.
Орун басар документ тапшырууда тартиптер бар экенин айтып, региондордо жашагандар Бишкектен үй ала албай турганын билдирди. «Документ тапшырган адам Бишкекте иштеши, жашашы керек»,- деди ал.