Депутат Самыйкожо: «Байрак кол жоолук эмес. Чын болсо чара көрүлүшү керек»

«Ар ким каалагандай пайдалангыдай, байрак кол жоолук эмес. Маалымат чын болсо, анда чара көрүлүшү керек». Мындай билдирүүнү депутат Мирлан Самыйкожо жарыялады.

Сүрөттөргө караганда Кыргызстандын желеги Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан спорттук мелдеште илинген. Интернетте дагы башка сүрөттөрдү жолуктурууга болот.

Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик туунун айланасында түрдүү пикирлер айтылып келгенин белгилеп, депутат Улан Примов менен бирге ошол пикирлерди эске алуу менен туудагы айрым элементтерге тактоо киргизүүгө байланышкан мыйзам долбоорун демилгелеп жатышканын билдирген. Президент Садыр Жапаров да тууну өзгөртүү идеясын колдой турганын айткан болчу.