Депутат Сатыбалдиев: «Өмүр бою эле «ала качуу» болуп келген. Бул термин сиңип калган»

“Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралды.

Долбоордо «ала качуу» деген сөздү «адам уурдоо» деген сөзгө алмаштыруу демилге кылынган. Депутат Элмурза Сатыбалдиев буга негиз жок экенин белгилеп, иштеп жаткан мыйзамдагы термин өзгөрүүсүз калышы керектигин бир катар конкреттүү аргументтердин негизинде түшүндүрдү.