Депутат: «Сенин ата-тегиң бизден эмес, көмүлгөнгө укугуң жок» дегенде чара көрүү керек дейт»

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Алиев айрым аймактарда адамды жерге берүүдө «сен биздин кулун эмессиң» деген түшүнүк бар экенин айтып, муну караңгычылык деп атады.

«Айрым аймактарда ушунчалык караңгылык, жапайычылык түшүнүк бар экен. «Сен биздин кулун эмессиң. Сенин ата-тегиң бизден эмес, демек сенин көмүлгөнгө укугуң жок» деген.  Ошондой караңгычылыкты жоюш керек. Жана демилгечиге катаал жаза колдонуу керек», — деди ал.