Депутат Шайлообек Атазов УКМКга чакырылганын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов аны УКМКга күбө катары чакырышканын билдирди.

«Чакырышты. Келдим. Эмне маселе экенин билейин. 2 жыл мурда Свердлов районунда шайлоо өткөн. Ошол боюнча менин тарапташтарымды 10 күн мурун алып кетишиптир. Күбө катары чакырды», — деди ал.

Буга чейин Шайлообек Атазов менен кримтөбөл «Женгонун» сүйлөшүүсү делген аудио соцтармакта тараган. Ал боюнча Атазов үн катып, 2 күндөн бери каралоо абдан катуу жүрүп жатканын жазып, өлкө башчысы Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган. Ошондой эле анын мандатынан ажырай турганы да айтылып жаткан.