Депутат Шаирбек Ташиевдин Жалал-Абаддагы имаратын мамлекеттик дарыкана үчүн бергени маалым болду

Депутат Шаирбек Ташиев мамлекеттик дарыкана дарылардин тизмесин кеңейтиши керектигин айтты.

«Баалары да элге жеткиликтүү болушу керек. Ишкерлерге кайрылам. Буларга бардык жерден имарат алыш кыйын. Депутат катары имарат сунуштасак, силер ошол жерге дарыкана ачып бересиздер да»,- деди депутат.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Шаирбек Ташиев Жалал-Абаддагы чоң имаратын берип жатканын айтты. «Биз ошол жерге мамлекеттик дарыкана ачканы жатабыз»,- деди министр.