Депутат: «Сосновкадагы тоннелдин жолу согуштан кийинкидей болуп калды»

«Ушул Сосновкадагы бир тоннелди оңдой албай койдук. Ичине кирсең, эми жолу согуштан кийинкидей болуп калган. Ичиндеги лампочканы оңдогонго каражат таппай жатасыңарбы?» деп суроо салды депутат Руслан Жакышов транспорт министри Тилек Текебаевге. 

«Ал боюнча тапшырма бергем. Лампочкаларды алмаштырып, ичин актаганга жана жолду жамаганга. Азыр аба ырайын көрүп жатасыз. Кичине жылый баштады, иштер жүрө баштайт. Ал планда бар», — деди министр.