Депутат Советбек Рустамбек уулу: «Аталар күнү даңкталган майрам болушу керек»

Депутат Советбек Рустамбек уулу Аталар күнүн киргизген депутат Медер Алиевге ыраазычылык билдирип, бул күндүн кириши аталарга стимул болгонун айтты.

«Пайдасы жок канча иш-чара өтүп келген. 15-мартка уюштурдук деп жатат. Маданият министрлигин көрөбүз. ЖМКлардан чагылдырылышы керек. Себеби башталышы кандай кетсе, күч алып уланат. 

Бишкекте жакшы уюштуруп жатыптырсыңар. Драма театрларда иш-чара өтөт деп уктук. Эми ушуну райондордо, шарты бар айылдагы маданият үйлөрүндө өткөрүш керек. Сөздүн кыскасы, ооз учунда айтылып калбасын. Даңкталган майрам болсун»,- деди ал.