Депутат: «Сөз эркиндигинин индекси жогору болгон өлкөдө экономика өнүгөт, коррупция төмөн болот»

Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Абакиров сөз эркиндигинин индекси жогору болгон өлкөдө экономика өнүгөт, коррупция төмөн болорун айтты.

«Мен экономика менен сөз эркиндигинин байланышы боюнча китеп окуп чыктым. Сөз эркиндигинин индекси жогору болгон өлкөдө экономика өнүгөт, коррупция төмөн болот экен. Коррупция менен күрөшкөн эң күчтүү инструмент — сөз эркиндиги. Муну эл аралык изилдөөлөр тастыктап турат. Мыйзамдарды алып кирүүдө жарандардын кирешесине, эконмикага кандай таасир этет, ошого карасак»,- деди ал.