Депутат: «Студенттердин окуу графигинин өзгөрүшү Бишкектеги жол тыгынды чечкен жок»

Бүгүн, 24-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы студенттердин окуу графигинин өзгөрүшү Бишкектеги жол тыгын көйгөйүн чечпегенин билдирди.

“Мэрия жол тыгынды чечүү максатында студенттердин окуу графигин жылдырган. Азыр окуу саат 10:00дө, экинчи смена 14:30да башталат. Окуу саат 20:30га чейин уланып, студенттер үйлөрүнө жеткиче түнкү 22:30-23:00 болуп жатат. Студенттерди өгөй баладай кылып, ары-бери түрткүлөп жатабыз. Окуу графигин жылдырып көрдүк, бирок жыйынтык көргөн жокпуз. Эмне себептен Билим берүү министрлиги бул маселени көтөрбөйт. Кыш келе жатат, күн кыскарды. Ушул маселени карап бергилечи”, — деди депутат Аида Исатбек кызы.