Депутат Сулайманов: «Нооруз концертинде кыргыз жигитинин чачын түйүп алып чыкканы уят»

«Нооруз концертинде кыргыз жигитинин чачын түйүп алып чыкканы уят». Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин фракциялык жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов билдирди.

«Нооруз майрамында болгон концертти көрдүк. Биздин ата-бабабызда болгон эмес, кыргыздын жигиттери чачын түйүп алып, концертте ырдайт деген болгон эмес. Аялдын аялдай, эркектин эркектей орду болгон. Бизди дүйнө жүзү көрүп жатат. Нооруз деген бул мусулмандардын майрамы. Концерт берүү тармагын ким тейлейт? Ошону карап койсоңор боло… Ушул уят да», — деди ал.

Депутат сөз кылган ырчы мырза Кайрат Примбердиев болушу мүмкүн деген жоромолдор айтылууда.