Депутат Сурабалдиева 8-мартка карата акцияга катышты

«8-март — бул жөн гана гүлдөрдүн, жаздын жана куттуктоолордун майрамы эмес. Бул күнү дүйнө жүзүндө аялдардын кадыр-баркы, коопсуздугу жана тең укуктуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маселе көтөрүлөт». Бул тууралуу депутат Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасына жарыялады.
«Кыргызстанда аялдар ар дайым өлкөнүн жашоосунда чоң орун ээлеп келген. Эң оор мезгилдерде да үй-бүлөнүн жоопкерчилигин өз мойнуна алып, эмгектенип, жакындарын колдоп, мамлекеттин туруктуу турушуна чоң салым кошушкан. Биздин тарыхыбызда, маданиятыбызда, илимде, спортто жана коомдук турмушта күчтүү, таланттуу жана көрүнүктүү аялдардын мисалдары арбын. Бул дагы бир жолу кыз-келиндерге мүмкүнчүлүк берилсе, алар чоң ийгиликтерге жетише аларын далилдейт. Ошондуктан мамлекет менен коомдун негизги милдети бул аялдардын билим алуусуна, өнүгүүсүнө, эмгектенүүсүнө жана коопсуз жашоосуна шарт түзүү. Бүгүн биздин коомдо зомбулукка, кемсинтүүгө жана адилетсиздикке орун болбошу керек. Кыздар жана аялдар урмат-сый көрүп, бааланып, корголгон өлкөдө жашоого тийиш. Келгиле, ошого үмүттөнөлү», — деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева Бишкекте 8-мартка карата марш өткөрүүгө уруксат берүүнү суранган.