Депутат Таалайбек Сарыбашовдун апасы 81 жашында дүйнө салды

Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашовдун апасы Ырыс Сарыбашова 81 жашында каза болду. Бул тууралуу эл өкүлүнүн жардамчысы Азамат Абсаттаров соцтармактагы баракчасына жазды.

Акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 10-июнь күнү Алай районунун Гүлчө айылында өтөт.