Бүгүн, 24-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыяр Калпаев Бишкек мэриясы автобекет көчүрүлө турганын 15 күн мурун айтып коюшу керектигин билдирди.
«Кечээ Бишкекте автобекеттин көчүү иштери болду. Таксисттер менен жүргүнчүлөрдө маалымат жок болуп, азыр автобекеттин алдында эмне кыларын билбей турушат. Ушуга мэрия алдын ала 15 күн мурун элге маалымат берип койсо болмок. Элде маалымат жок болуп, тоскоолдуктар болуп жатат»,- деди ал.
Буга чейин мэрия маалымат таратып, Бишкек шаарынын Алмата 1/1 дарегинде жайгашкан “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасы штаттык режимде ишин улантып жатканын, батыш автобекети, анын ичинде «Акжол» кичи автобекети ишин толугу менен токтотуп, аны көчүрүү боюнча иш жүргүзүлгөнүн билдирген.