Депутат Таластын тургундары фасолдун баасына нааразы болуп жатышканын айтты

Бүгүн, 19-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Русланбек Жакышов Таласта фасолдун баасы тууралуу маселе көтөрдү.

«Таластын тургундары фасоль менен эмгектенет. Бир жылдык эмгек. Азыр түшүм жыйнап жатышат. Саталы десе өзүн актабай калды дейт. Жылдан жылга жердин кубаттуулугу кетип, дары менен 1 гектар жерден 1 тонна фасоль алып жатабыз. Баасы көтөрүлбөй калды, ортомчуларды көзөмөлдөп бергиле дешти», — деди депутат.