Депутат Талиева: «Аталыштарды өзгөртүү демилгеси Орусиянын өзүндө да ийгиликтүү ишке ашырылып келет»

«Административдик-аймактык аталыштарды, анын ичинен Бишкек шаарындагы райондордун аттарын өзгөртүү тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин демилгеси тууралуу айтсак, бул эгемен мамлекетибиздин ички иши жана Кыргызстан менен Орусиянын алакасына эч кандай тиешеси жок». Бул тууралуу депутат Камила Талиева билдиргенин парламенттен маалымдашты.

«Кыргызстан эгемендүү, көз карандысыз мамлекет катары биримдик менен ынтымакка негизделген баалуулуктарды карманат. Баш мыйзамыбызда Кыргызстандын элин бардык этностордон турган Кыргыз жарандары түзөрү баса белгиленип, бизде гана орус тили расмий тил макамына ээ. Андыктан, Орусиянын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик думасынын депутаты Светлана Журованын эл аралык эрежеге туура келбеген, мамлекеттик алакаларга көлөккө түшүргөн жана өнөктөш өлкөнүн ички ишине кийлигишкен билдирүүсү негизсиз экенин белгилейм. Орус тилинин Кыргызстанда орду өзгөчө, мыйзамдарыбыздан баштап, көчөдөгү көрнөк-жарнактарыбызга чейин мамлекеттик тилибиз менен катарлаш колдонулуп келет.

Ал эми административдик-аймактык аталыштарды, анын ичинен Бишкек шаарындагы райондордун аттарын өзгөртүү тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин демилгеси тууралуу айтсак, бул эгемен мамлекетибиздин ички иши жана Кыргызстан менен Орусиянын алакасына эч кандай тиешеси жок. Себеби, айыл-шаарлардын атын өзгөртүү демилгеси Орусиянын өзүндө да ийгиликтүү ишке ашырылып, Свердловск шаары Екатеринбург, Ленинград шаары Санкт-Петербург деп жаңыртылганы баарыбызга белгилүү.

Мындай өзгөртүүлөр көп улуттуу Совет мезгилинин учурунда да жүргүзүлүп келген. Андыктан антиорусиялык маанайды калыптандырып, байыркы кыргыз эли менен улуу орус элинин достук, стратегиялык өнөктөштүк жана тыгыз кызматташтык мамилесине терс таасир берүүчү пикирлерди айтуудан алыс болууга чакырам», — дейт депутат.