«Катуу нанды жеп, арыктан суу ичип эле чоңойгонбуз». Депутат бала бакчадагы тамакты сындап, жоюп салууну сунуштады

«Катуу нанды жеп, арыктан суу ичип эле чоңойгонбуз. Эч ким өлгөн эмес». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айгүл Айдарова мектепте тамак берүү боюнча оюн айтып жатып билдирди.

Ал Таластын Кара-Суу айылында бала бакча бар экенин, ал жактан видео келгенин айтты. Анын айтымында, ошол бала бакчада балдарга курттаган тамак берилет. Депутат балдарга мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүк менен буламык жасалып жатканын билдирди.

«7 же 14 сомго эптеп-септеп тамак бергенден көрө алып салбайлыбы. Силер бөлүп берген акчанын 7-8 сомун «жеп» коюшат экен. Ортодогу акчаны бирөөгө жедиртип койбойлу. Биз биягынан толтуруп жатабыз. Асты тешик болуп, ошол жактан түшүп жатат. Президент аракет кылууда. Ортомчу шүмшүктөр жеп кетип жатат. Андан көрө баарын жокко чыгарып туруп, бирөөгө жем болбойлу», — деди ал.