Депутат Ташиев 10 жаштагы баланын жаңы жылдык кыялын орундатты

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев Жаңы жыл майрамын утурлай кат менен кайрылган 10 жаштагы Салмандын кыялын орундатты. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Бишкек шаарындагы мектептердин биринде билим алган Салман жазган катында кагаздардан ар кандай нерселерди жасоого кызыгарын жана ноутбук алууну кыялданып акча чогултуп жүргөнүн белгилеген. Муну менен катар ата-энеси жана ини-карындашы тууралуу айтып берген. Шаирбек Ташиев кат жазган бала менен жолугушуп, заманбап ноутбук белекке берди. Окуучуга жакшы тилектерин арнап, келечек ээсин жакшы окууга үндөдү.