Депутат Ташиев Бакай-Ата райондук милициясына унаа тапшырды

Бүгүн, 24-июнь күнү Бакай-Ата РИИБине кызматтык пайдалууга «Нива» үлгүсүндөгү жаңы авто унаа тапшырылды. Унааны тапшыруу салтанаттуу иш-чара аземине Жогорку Кеңештин депутаттары Шаирбек Ташиев, Руслан Жакышов жана Айгүл Айдарова, Талас ОИИБдин башчысы Азамат Токтоналиев жана Бакай-Ата РИИБдин өздүк курамы катышышты.
Депутаттар куттуктоо сөздөрүн айтышып, бул унаа милициянын жумушун жеңилдетип, окуя болгон жерге ыкчам барып, кылмыштуулук менен күрөшүүдө өз салымын кошоорун айтышты. Бакай-Ата райондук Ички иштер бөлүмүнө милицияга ылайыктуу, толук жабдылган “НИВА” авто унаасы эл өкүлдөрүнүн демөөрчүлүгү менен каржыланды. Башкармалыктын башчысы Азамат Токтоналиев эл өкүлдөрүнө ыраазычылык айтып, ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздап, мындан ары да облустун аймагында жигердүү ишмердүүлүк алып бараарын билдирди.