Депутат Ташиев: «Судьялар кыргыз тилин билиши керек жана туугандары соттолгон болбошу керек»

Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңеште депутат Шаирбек Ташиев демилгелеген мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.

«Судьялар кыргыз тилин билиши керек жана туугандары соттолгон болбошу керек. Сот адилеттигин ишке ашыруу катары судьялар өтө маанилүү жана жооптуу функцияны аткарып жатканын эске алуу менен аларга өзгөчө күчөтүлгөн талаптар коюлушу керек. Сунушталган мыйзам долбоору ишке ашкан күндөн тартып, буга чейин шайланып иштеп жаткандар судьялар эмес, судьялык кызматка талапкерлерге гана тиешелүү болот», — деди депутат.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, кабыл алышты. Буга чейин конституциялык мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.