Депутат ташталган ымыркайлар боюнча: «Баарыбыз күнөөлүү экенибизди сезели»

Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова таштандыдан табылган ымыркайлар боюнча үн катып, күнөө бир гана кыздарда эместигин билдирди.

«Балдарды таштандыга таштап, болгондо да мыкаачылык коштогон кайдыгерлик бүгүн гана коомго жарылып чыга келген жок. Бул үч окуя тең биз билип коомчулукка резонанс жаратып жатканы. Билбеген мындай окуялар канча. Үч эне тең жаш кыздар. Эне катары күнөөнү кыздарга гана койбойм. Баланы 9 ай курсакта көтөрүп, жарык дүйнөгө алып келгичекти жардамды ата-энесинен, баланы жасаган эркек сөрөйдөн үмүт кылып күттү. Буга биз баарыбыз күнөөлүү экенибизди сезели. Мамлекеттик деңгээлде көтөрүлө турган маселени ийри олтуруп, түз кеңешип чечүүгө бел байлашыбыз керек. Тарбияны балдарга толук кандуу берип, үйдө кызга да, балага да ушул окуяларды сабак катары көрсөтүү керек. Мындай окуялар кайталанбоо үчүн, алдын алуу үчүн жашы жетип келе жаткан өспүрүмдөргө тарбиянын туура жолун тандап, маңыздуусун сиңирүү керек. Балдарыбыз аман болсун. Бешиктеги баланын бек болорун ким билет дейт элибизде. Ылайым, ымыркайлар эр жетип, эли-журтун баласы болсун», — деп жазды ал.