Депутат Таштанбеков: «Мектепте ячейканы орнотуу эмес, боор менен тряпка алуу көйгөй»

Депутат Акбөкөн Таштанбеков мектеп окуучуларынын сабак учурунда телефон колдонуусуна чектөө киргизүү тартибин жөнгө салуу максатында класстарга ячейкаларды сатып алуу сунушун сындады.
Эл өкүлү Кыргызстан боюнча 2500дөй мектеп болсо, аларга ячейка орнотуу үчүн болжолдуу 180 миллион сом кетээрин белгилеп, ал каражат кайсы бюджеттен каржыланаарын тактады. Жогорку Кеңеште «Жалпы билим берүүчү уюмда мобилдүү түзүлүштү пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, кабыл алынды.