Тазабек Икрамов: «Акылбек Жапаров кыргызстандыктардын алдында кечирим сурап, күнөөсүн моюнга алат деп ишенем»

Депутат Тазабек Икрамов Акылбек Жапаров «Кыргызстандын 90 пайызга жакын жарандары Орусия Федерациясына кошулууга кызыкдар» деген пикири үчүн кечирим сурашы керек деп эсептейт. Ал бул боюнча Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Акылбек Жапаров мырза! Соцтармактарда сиздин «Кыргызстандын 90 пайызга жакын жарандары Орусия Федерациясына кошулууга кызыкдар» деген пикириңиз жарыяланды. Мындай пикирди кайсы учурда айтканыңыз белгисиз. Ошентсе да, «Кыргыз саясатына активдүү аралашкан адам, мамлекеттик кызматкер катары бул билдирүүңүз мамлекеттүүлүккө шек келтирип, эгемен Кыргызстаныбыздын эркиндигин көз көрүнөө тебелеп жатат» деп кескин сындайм. Миңдеген жылдар эгемендүүлүк үчүн канын, жанын курмандыкка чалып келген ата-бабаларыбыз мурастап келген Ала-Тообузга чыккынчылык кылганга барабар аракеттеги билдирүүңүз үчүн жалпы кыргызстандыктардын алдында кечирим сурап, күнөөсүн моюнга алат деп ишенем. Кыргыз эли, жери Акылбек Жапаровдун менчиги эмес! Алты миллиондон ашык Кыргызстандыктар сиздин пикирди колдобойт»,- деп жазды ал.

Белгилей кетсек, Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган кезде «Регион.kg» басылмасына интервью берип жатып, Кыргызстандын 90 пайызга жакын жарандары Орусия Федерациясына кошулууга кызыкдар экенин айткан.